• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Макмалда кайрадан митинг (видео)

1 Жалган куран 2018 16:39 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облсунун, Тогуз-Тороо районунун жергиликтүү тургундары алтын иштетүүчү фабриканын курулушуна каршы акцияга чыгышты.

24.kg агенттиги тараткан маалыматка ылайык жүзгө чукул акциянын катышуучулары «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын тосмосун талкалап салышты.

Бул экинчи жолку митинг. Биринчи жолкудан кийин алтын иштетүүчү фабриканын курулушу токтотулган. Эми жергиликтүү эл мурда курулуп кеткен имараттарды толугу менен бузууну талап кылышууда. Себеби бул фабрика иштесе  аймактын экологиясына зыянын  тийгизет.

«Кыргызалтын»  ААК «Куранды девелопинг»  ЖЧКсы менен «Макмалалтындын» аймагындагы жер тилкесин  ижарага берүү боюнча келишим түзгөн. Ал жерге жалпы өлкө аймагы боюнча алтындын курамы бар чийки заттарды иштетүүчү ишкана куруу пландаштырылган.  «Куранды девелопинг»  компаниясы кытай ишкери  Ян Вэйхун менен биргеликте  «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясын түзгөн. Курулушту ушул компания жүргүзүп жаткан эле.

Количество просмотров: 13