• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Ысык-Көлдө гидроцикл кырсыкка учурап чет элдик турист каза болду

19 Теке 202617:13 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө гидроцикл кырсыкка учурап, чет өлкөлүк туристтердин бири каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-июль күнү саат 19:00 чамасында милицияга Бостери айылындагы пансионаттардын биринде кырсык болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:45тер чамасында төрт чет өлкөлүк турист гидроциклди ижарага алышкан. Көлдүн жээгинен болжол менен бир чакырым алыстыкта 30 жаштагы адам өзү башкарып жаткан гидроцикл менен досу айдап бара жаткан гидроциклди кагылыштырып алган.

Кырсыктын кесепетинен турист оор жаракат алып, каза болгон.

Бул факты боюнча соттук-медициналык жана соттук-транспорттук экспертизалар дайындалды.

Күбөлөрдүн айтымында, туристтер Өзбекстандын жарандары болушу мүмкүн. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө тастыктала элек.

Количество просмотров: 57