• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

12-апрелде добуш берүүгө 340 479 шайлоочунун укугу бар

17 Бирдин айы 2020 8:54 Бишкек Govori.TV

12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге добуш берүүчү шайлоочулардын алдын ала тизмеси түзүлүп бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-февралда тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, шайлоого 340 479 шайлоочу катыша алат. Бул жалпы шайлоочулардын 10% түзөт. Боршайкомдун маалыматына караганда, 12-апрелде добуш берүүгө шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат.

БШК баса белгилегендей, катталган жерин өзгөрткөн жарандардын паспортуна атайын белги коюлушу зарыл. Андай белгиси жок шайлоочулар добуш берүүгө киргизилбейт.

22-февралдан тарта шайлоочулардын тизмеси тиешелүү шайлоо участокторунда илинет. Добуш берүүчүлөр 27-мартка чейин ошол жерден өздөрүнүн аты-жөнүн тактаса болот. Же онлайн түрүндө www.tizme.gov.kg сайтынан, ошондой эле 119 номуруна түз чалып, тактай алышат.

Количество просмотров: 77