• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

12-апрелге чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

8 Чын куран 201911:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.04.2019. Govori.TV.

Бүгүн, 8-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетти.

9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарыноблустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-апрелдерде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 13-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Количество просмотров: 18