• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

12-июнда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

10 Кулжа 202410:46 Бишкек Govori.TV

12-июнда Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул убакытта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерин пландоодо.

12-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Апсамат Масалив — Чыңгыз Айтматов — Садырбаев көчөлөрү менен чектешкен жерде турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Теги:
Количество просмотров: 110