Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.
Орусияда 12 күн мурун суу түтүктөрү өтүүчү люкка түшүп кеткен кыз дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалым болгондой, окуя 30-июнь күнү Бирюлёво сейил багында орун алган. 26 жаштагы кыз кокустан суу түтүктөрү өтүүчү люкка түшүп кеткен.
Бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү кызматтын кызматкерлери аны издөөнү улантып жатканы айтылган