Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.
Өзбекстанда 6-класстын окуучусу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-класстын окуучусу Эзозахон Сиддикова уктатуучу дары ичип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Натыйжада оор абалда жаткан кызды апасы көрүп, ооруканага алып барган. Ал жерде кыздын ашказанын жууп дарылашкан.
Кызынын мындай кадамдарга барышына апасы класс жетекчисин күнөлөөдө.
Анын айтымында, класстын ремонту үчүн акча чогултуудан баш тарткандан кийин, мугалим кызына басым көрсөткөн. Ал эми № 50 мектептин мугалими Рано Кадырова бардык айыптоолорду четке каккан.