• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Кадамжайда заманбап жаңы мектептин курулушу жүрүүдө

28 Теке 202610:32 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында заманбап жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоордун жалпы наркы 265 миллион сомду түзөт.

Мектеп 375 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залын жана бардык шарттары каралган спорт залын камтыйт. 

Имараттын жалпы аянты 3377 чарчы метрди түзөт. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 750 окуучунун заманбап шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Количество просмотров: 4