• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Мактабасаңар да, унчукпай каласыңар»

27 Аяк оона 202413:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте «КР Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору» жана Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигине болгон укуктун ишке ашырылуусуна арналган тегерек стол өтүп жатат.
Анда ушул мыйзам долбоордун тийгизе турган кесепеттери жөнүндө журналисттер, жарандык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Акыйкатчысы, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өз ара пикир алышууда. Тегерек столду Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы өткөрүүдө.

Ага катышып жаткан «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Исхак Масалиев аталган мыйзам долбоорун чакыртып алууну айтты.

Депутат айып салууларды талкуулап отурбай эле көбөйтүп салышканын, юридикалык жак ким бирөөнү кемсинте алабы, жокпу белгисиздигин белгиледи. Ошондой эле Масалиев аталган мыйзам долбоору азыркы бийликти сындаган журналисттерге гана иштей турганын, эми айыптарды Маданият министрлиги салсын дегенге нааразылыгын билдирди.

Ал ошондой эле айыптар бирдей болушу керектигин айтты. Буга чейин көп эле адамдар коррупцияга айыпталып келгенин, андай иштер 50 миң менен аяктап адам абактан бошоп келишкенин, а бул мыйзам долбоору боюнча дароо 100 миң салынып жатканын, бул колу-бутту толгоого гана жатаары боюнча өз ою менен бөлүштү. Эгер ушул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда журналисттер мактабаса да унчукпай кала турганын кошумчалады.

Масалиев Интернеттеги жалаа жабуу, жалган маалымат бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө бар экенин эске салды. Исхак Масалиев сөзүнүн аягында бул мыйзам долбоорун азыркы абалда кабыл алууга каршы экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 170