• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

«120 миң сом котор». Алдамчылыкка шектүү кармалды

27 Жалган куран 2023 17:20 Бишкек Govori.TV

Мурда соттолгон жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Самаркандек айылынын 50 жаштагы А.Анын 15 жаштагы уулунун уюлдук телефонуна чалып “Жездең болом, мен бирөөнү машина менен коюп алдым, мага тезинен 120миң сом акча котор” деп чалгандыктан жабырлануучу А.А. өзү жашаган айылдагы терминалдан 50 миң сом акча которгон. Ал эми калган 70 миң сомду Баткен шаарындагы терминалдан которгондугун билдирип, үстүбуздөгү жылдын 9-март күнү милицияга кайрылган.

Ушул эле жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын 37 жаштагы С.Знын телефонуна белгисиз жаран чалып, “Уулуңүз машина менен сүзүп алды, биз келишип алдык. Ошондуктан 50 миң сом которуңуз” деп айткандыктан, терминал аркылуу акчаны которуп, кийин сураштырса алданып калгандыгын билип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул фактылары Баткен жана Лейлек РИИБдүн КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

17-март күнү Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылынын тургуну, сот жообуна тартылган 20 жаштагы С.Р. экенидиги аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 93