• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

124 троллейбуста санитардык эрежелердин сакталышы текшерилди

19 Бугу 202112:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында троллейбустарда санитардык эрежелердин сакталышы текшерилди. Бул тууралу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мобилдүү топтор коомдук траспортто санитардык эрежени сактоо боюнча иштерди улантууда. Санитардык текшерүүлөр, айдоочулар жана жүргүнчүлөр менен түшүндүрүү маектешүүлөрү адамдар көп болгон аялдамаларда болуп өттү.

“Шаарда 124 троллейбусту текшерилди, негизинен жүргүнчүлөр бет кап тагынуу режимин сакташпаганы байкалды. Мындай рейддер жумасына эки жолу жүргүзүлүп турат”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 93