• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

125 адам COVID-19 жуктуруп, 4 бейтап каза болду

22 Тогуздун айы 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 22-октябрга карата коронавирус дагы 125 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 58,
  • Ош шаарында – 3,
  • Чүй облусунда – 36,
  • Ош облусунда – 5,
  • Талас облусунда – 2,
  • Нарын облусунда – 1,
  • Ысык-Көл облусунда – 12,
  • Жалал-Абад облусунда – 4,
  • Баткен облусунда – 4.

Ал эми бир суткада 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө 59 адам илдеттен сакайып чыгып, стационарларда коронавирустан 639 бейтап, амбулатордук түрдө 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 348 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 934 киши айыгып чыкса, 2 миң 647 адам каза болду.

Количество просмотров: 149