• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

13 адамдан коронавирус табылып, 1 бейтап каза болду

28 Жалган куран 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 28-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 13 адамдан вирус табылган. Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, бир адам каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 92 бейтап, амбулатордук түрдө 50 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 181 киши айыгып чыкса, 2 миң 985 адам каза болду.

Количество просмотров: 71