13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналист СИЗОго которулду. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Жаныш Бараков билдирди.
«Камактагы бардык журналисттер 2 саат мурда СИЗОго которулду»,-деди ал.
Бараков жапырт кармалган журналисттердин бөгөт чарасы шаардык сотто февралда карала турганын кошумчалады.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.
ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.
Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат.
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор бүгүн, 29-январда Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырган эле.