• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

13 миңден ашуун тургун Баткендеги үйүнө кайта элек

2 Тогуздун айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга чыгып кеткен Баткен облусунун 136 миң 770 тургунун ичинен учурда 123 миң 637си турак жайына кайтып келген. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалым болгондой, үй-жайы талкаланып калган жарандардын убактылуу баш калкалап туруусу үчүн облус боюнча 8 мекеме, 218 менчик үй даярдалган.

«Жеринде 595 куткаруучу, 7268 ыктыярчы 321 техника менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан облус боюнча жалпы 640 үй талкаланып, өрттөлгөн. Алардын 423үн кайра салуу керек болсо, 217син капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл.

Андан тышкары 11 административдик-стратегиялык имарат, 27 коомдук имарат, 335 малкана-сарай, 197 турмуш-тиричиликти камсыздоо имараттары талкаланып, 61 унаа өрттөлгөн, 1 көпүрө жараксыз абалга кептелди.

Количество просмотров: 105