13-ноябрда оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн кечки 21:00гө чейин М. Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек-Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектешкен аймактарда суу өчөт.
Өчүрүү «Белинский» суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.