7-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 13 партия катталды. Бул туралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, төмөнкү партиялар каттоодон өтүүгө укуктуу:
1. «Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев
2. «Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков
3. «Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Омуракунов
4. «Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев
5. «Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси А.Маткеримов
6. «Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси А.Осмонов
7. «Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев
8. «Жаны мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А.
9. «Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов
10. «Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан
11. «Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов
12. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков
13. Жашыл Кыргызстан партиясы — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев.
Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.