• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

13 жаштагы кыздын зордукталышы: Жакындары соттун чечимине нааразы

22 Жалган куран 2023 15:48 Бишкек Govori.TV

Мындан туура бир жыл мурун 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөр кармалган. Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Райондук сот эки милиция кызматкерди 15, ал эми базар кызматкерин 10 жылга кескен. Кийин Бишкек шаарыдк сотунун коллегиясы Мирад Динеевдин төрагалыгы алдында айыпталуучулардын жазасын жеңилдетип, жаза өтөө мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскартты. Кыздын жакындары Жогорку сот дагы жазаны жеңилдетип коюшу мүмкүн деп кооптонууда.

Бүгүн Жогорку сотто 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандардын иши каралды. Отурум жабык өтүп, айыпталуучу тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен жараян 5-апрелге белгиленди.

Бул арада Жогорку соттун имаратынын алдында аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы митинг өттү. Топтолгондор зордук-зомбулук, зордуктоо фактыларынын көбөйүшүнөн улам бийликти бул маселеге көңүл бурууга чакырып, шектүүлөргө карата инстанциянын өкүмүн жеңилдетип жибербөөнү талап кылышты.

Кордолгон 13 жаштагы өспүрүмдүн окуясы коомчулукта резонанс жаратып, бир нече жолу кыздардын укугун коргоо акциясы өткөн. Ал эми сот чечимдерине нааразы пикирлер байма-бай атйтылып келет.

Количество просмотров: 209