• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

13 жаштагы өспүрүм асылып турган жеринен табылды

30 Тогуздун айы 201815:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.10.2018.Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда 13 жаштагы бала асылып турган жеринен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда саат 17:00 чамасында аталган райондун Сары-Дөбө айылында 2005-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Маркумдун айылдан алыс эмес жердеги коктуда өскөн даракка асынып алганы белгилүү болду. Учурда  бул окуя боюнча иликтөөлөр башталды. Бирок анын жакындары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.

Количество просмотров: 62