• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

14-августта күтүлгөн аба ырайы

13 Баш оона 202415:02 Бишкек Govori.TV

14-августта түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 35…37° жылуу болот.

Количество просмотров: 226