• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

14-июнда күтүлгөн аба ырайы

13 Кулжа 2023 14:15 Бишкек Govori.TV

14-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 34…36° болот.

Количество просмотров: 219