Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, буга чейин Instagram социалдык тармагында жарыяланган маалыматтын негизинде Ж.Пудовкин көчөсүндө текшерүү жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, муниципалдык ишканага 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылыш министрлиги жарандарды бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактыларына кайдыгер карабоого чакырат. Мындай мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.