Бишкек шаардык милициясы кафеде мушташ чыгарган жарандар кармалганын билдирди. Буга чейин соцтармактарда кардарлар менен мекеменин администрациясынын ортосундагы чыр-чатактын видеосу тараган.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында мушташтын бардык катышуучулары милицияга жеткирилди.
Аларга карата майда бейбаштык беренеси боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.