Күн мурун кечки саат 19:12де Бишкек – Ош унаа жолунун 249-чакырымындагы Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын Казы-Жар тилкесинде жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, селден жабыркагандар жок жана жол кыймылы үзгүлтүккө учураган эмес.
№23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан бир автожүктөгүч тартылып, жолго түшкөн сел калдыктары тазаланды.