• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

14 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Жээнбеков кайрылуу жасады

26 Бештин айы 2022 10:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралды. Шаардык сот Жээнбековду 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков соттун чечими адилетсиз болуп жатканын белгилеп төмөндөгүлөргө токтолду.

«Саясий куугунтук токтосун, сөз эркиндигине басым болбосун деген максатта ачкачылык жарыяладык. Бир дагы бийликтин тушунда 70 жаштагы апаны, үч балалуу энени камаган учур болгон эмес. Ачкачылык кармоону улантабызбы же токтотобузбу соттун чечимине жараша болот»,-деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 296