• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«14 миң еврону чапчыган аттар». Жаңыланган Улуттук тарых музейине эмнелер коюлган? (сүрөт)

19 Жетинин айы 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 5 жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи бүгүн, 19-ноябрда салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарада «Манас» айтылып, театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган. Жалпысынан 100 миңге жакын экспонаттар бар. Алардын ичинен баасы 14 миң еврону чапчып, чуу жараткан жыгач аттарды көрүүгө болот.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта музейдин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта музейдин ички бөлмөлөрүндө экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, 10 күн бою музейге кирүү акысыз болот, кийин музейге кирүү акысы ар бир кишиге 160 сом деп бекитилген.

Количество просмотров: 5029