• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

14 жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшү: Кылмышка шектелген өспүрүмдүн жакындары эмнеге нааразы?

15 Баш оона 2023 11:27 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн деп айыпталгандардын бири Элдияр Бактияр уулунун жакындары Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту.

Алар бийлик өкүлдөрү менен жолугуу үчүн атайын Бишкекке келишкенин айтышты.

«Биз Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунан келдик. Кечээ президент Садыр Жапаровго жолугабыз деген үмүт менен келсек, Ысык-Көлдө экен. Түнү менен күтүп калдык, буюрса кабыл алат деген ойдобуз. Максатыбыз — Кыргызстанда адилеттүүлүк, мыйзам иштесе… Акты ак, караны кара деген соттор иштесе деген ойдо мамлекет башчыга кайрылуу жасап келдик»,-деди шектүүнүн тууганы.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм кармалган.

Ошол эле жылдын декабрь айында Оштун тергөө абагында отургандардын экөө өз жанын өзү кыйган.

Кылмыш жасалган учурда 11-класстын окуучусу болгон Элдияр Бактияр уулун Кадамжай райондук соту быйыл 7-февралда он жылга эркинен ажыраткан. Иш бүгүнкү күндө облустук сотто каралууда. Элдиярдын жакындары судья далилдерге көңүл бурбай жатканын айтып чыгышты.

Төртүнчү шектүүнү 28-февралда ошол эле сот өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кескен. Бул өкүмдү облустук сот кийин өзгөртүүсүз калтырган.

Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алган.

Ал эми маркум кыздын апасы апасы Жумагүл Нурбаева тараптар соттук отурумду атайын создуктуруп жатканын айтып чыккан. Ал ишти аягына чейин көзөмөлгө алууну суранып, кайрадан президентке жана башкы прокурорго кайрылуу жасаган болчу.

Количество просмотров: 198