• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Секелектин өлүмү. Абактагы шектүүлөрдүн жанын кыйганы боюнча териштирүү башталды

4 Бештин айы 2022 17:11 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүү эки жарандын өз жанын кыйган фактысы териштириле баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Ош шаарындагы №5 тергөө абагында асынып алгандардын сөөгү 4-декабрга караган түнү саат 01:50 чамасында табылды.

«Камерада Ш.М жана У. уулу С. асынып алган абалда табылган. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүп жатат. Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине «шалаакылык» фактысы боюнча материалдар да атайын прокуратура тарабынан каттоого алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, айыпталуучулардын денесинде жарааттар жок экени такталды» , — деп айтылат маалыматта.

Баткен облусунун Кадамжай районунда сентябрь айында 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу төрт жаран кармалган.

Количество просмотров: 199