• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте ажатканага түшүп кеткен 1,5 жашар бөбөк аман калды

18 Бугу 202116:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында ажатканага түшүп кеткен 1,5 жашар бала аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 4-майда Бишкектин Осмонкулов көчөсүндөгү жеке турак үйлөрдүн биринде 1,5 жашар бала ажатканага түшүп кеткен.

«Жерине келген куткаруучулар шайманы жок ажатканага түшүп баланы алып чыгышкан. Бала тирүү калган»,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы эки куткаруучуга ыраазычылык айтып, сыйлоо баракчасын тапшырды.

Количество просмотров: 234