Баткенде ажатканага түшүп кеткен 5 жаштагы бала аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
4-сентябрда саат 18:14тө Айдаркен шаарынын Металлург көчөсүндө жайгашкан үйдө болжол менен 5 жаштагы наристе ажатканага түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Кадамжай райондук №77 ӨКБдан жеке унаасы менен капитан О.Султановдун башчылыгында 3 куткаруучу тартылган.
Ыкчам түрдө куткаруучулар тарабынан куткаруу иштерин жүргүзүү чаралары көрүлүп, бөлүктүн кароол башчысы улук лейтенант А.Сүйүнов ажатканага түшүп, наристени аман-эсен куткарып чыкты. Ошол замат дарыгерлер тарабынан ден соолугуна көзөмөл жүргүзүлүп, учурда баланын абалы туруктуу.