• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

15 адам вирус жуктуруп, 1 бейтап каза болду

19 Жалган куран 2022 11:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 19-мартка карата коронавирус 15 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 9;

Чүй облусунда – 4;

Талас облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 1.

Акыркы суткада 29 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 99 бейтап, амбулатордук түрдө 95 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 802 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 45 киши айыгып чыкса, 2 миң 978 адам каза болду.

Количество просмотров: 170