15-декабрда Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Талас, Чүй облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8,
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз -2….+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -8…-13° болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, туман түшөт. Түнкүсүн -12…-14°, күндүз -6…-8° болот.