• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

15-декабрга карата аба ырайы

15 Бештин айы 2017 9:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 15-декабрда өлкө аймагында күн бүркөө болгону менен жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен туман түшөт. Бул туурасында  Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 0…5 градус суук болсо, Талас өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл облусунда 1…6 градус жылуу болсо, Нарында 1…6 градус нөлдөн төмөн болот.

Бишкек шаарын туман каптап, 2…4 градус суук болсо, Ошто күн ачык болуп, абанын температурасы 2 градуска чейин көтөрүлөт.

 

 

Количество просмотров: 13