Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна “75чилердин каты” деп таанылган иш боюнча соттук отурум уланды.
Соттук отурумга Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, Кыргызстандын эл артисти Ибрагим Жунусов да келди.
Белгилей кетсек, ИИМ ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүүдө.