Эртең, 15-майда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда катуу жаан жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +7…+12
күндүз +19…+24
Талас облусунда
түнкүсүн +6…+11
күндүз +18…+23
Баткен облусунда
түнкүсүн +9…+14
күндүз +22…+27
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +9…+14
күндүз +22…+27
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +5…+10
күндүз +16…+21
Нарын облусунда
түнкүсүн +3…+8
күндүз +16…+21
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +22…+24 градус болот.