• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

27 Теке 202615:27 Бишкек Govori.TV

Авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашык авиабилет сатууга (овербукинг) тыюу салынат.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК билдиргендей, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпанияларга жүргүнчүлөр үчүн орундарды ашыкча брондоо практикасын толугу менен токтотуу жана сатылган авиабилеттердин саны аба кемесинин иш жүзүндөгү орундарынын санына толук шайкеш келишин камсыз кылуу талабын коёт.

«Бул талапты бузган авиакомпанияларга кызматташуу шарттарына ылайык катуу чаралар көрүлөт. Алар санкцияларды колдонууга жана мындан аркы кызматташтыкты кайра карап чыгууга чейин жетиши мүмкүн. Авиабилет сатып алган ар бир жаран аба кемесиндеги өз ордун ээлеп, негизсиз түрдө учуруудан баш тартууга кабылбастан, көздөгөн багытына учуп кетерине ишенимдүү болушу керек»,-деп айтылат маалыматта.