• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Учактагы кулактандыруулар эми кыргыз тилинде да жаңырат

27 Теке 202615:10 Бишкек Govori.TV

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аба кемелеринин бортунда жүргүнчүлөрдү маалымдоодо кыргыз тилин колдонуу боюнча милдеттүү талапты киргизүүдө.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтан маалымдашкандай, буга чейин эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөргө маалымат, англис, орус тилдеринде жана каттам аткарылган мамлекеттин тилинде берилчү. Мындан ары бул тилдер менен катар Кыргызстанга жана Кыргызстандан аткарылган бардык каттамдарда мамлекеттик тилди колдонуу милдеттүү болуп саналат.

Жаңы талап Кыргызстанга, Кыргызстандан жана өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпанияларга, анын ичинде Кыргызстанга эл аралык каттамдарды аткарган бардык чет өлкөлүк авиаташуучуларга жайылтылат.

Бул чара Кыргызстандын мамлекеттик тил боюнча саясатын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынып, мамлекеттик тилдин макамын чыңдоого, жүргүнчүлөрдүн турмуштук мааниге ээ маалыматты тең укукта алуусун камсыз кылууга, ошондой эле жарандык авиация тармагындагы тейлөө стандарттарын мындан ары жогорулатууга багытталган.

Мындан ары жүргүнчүлөр үчүн негизги кулактандыруулар Кыргызстандын мамлекеттик тилинде милдеттүү түрдө жарыяланышы керек. Алардын катарына авариялык-куткаруу жол-жоболору боюнча нускамалар, учуу коопсуздугунун эрежелери, учактын учуп чыгышы жана конушу жөнүндө маалымат, ошондой эле каттамды аткаруу учурунда берилүүчү башка милдеттүү билдирүүлөр кирет.

Мамлекеттик тилде берилүүчү маалымат толук, так жана жүргүнчүлөргө башка тилдерде берилген маалыматтын мазмуну менен бирдей болушу керек.

Бардык авиаташуучу компаниялардын жетекчилерине белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу, Кыргызстандын мамлекеттик тилиндеги расмий кулактандыруулардын тексттерин даярдоо жана жаңы талаптардын бардык каттамдарда пайдаланылышын уюштуруу тапшырылды.

Количество просмотров: 3