• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Мэрия «24.kg» агенттиги жайгашкан имараттын кире бериш тепкичин бузуп салды

27 Теке 202615:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Тыныстанов көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган бастырмалар демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы өз ыйгарым укуктарынын алкагында муниципалдык жерлерди мыйзамсыз жайгаштырылган объектилерден бошотуу иштерин улантып жатканы кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, текшерүү жүргүзүүгө Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочусунун кирүү топторунун жана бастырмалардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча кайрылуусу негиз болгон.

«Үстүбүздөгү жылдын 21-майында Башкармалыктын кызматкерлери объекттердин ээлерине укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтерди көрсөтүү талабы менен билдирмелерди тапшырышкан. Бирок объекттердин ээлери тарабынан Башкармалыкка тиешелүү документтер берилген эмес. Буга байланыштуу Бишкек башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү шаардык кызматтардын катышуусунда комиссиялык көчмө текшерүү уюштурулган. Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында «24.kg» маалымат агенттиги, M-Maxima компаниясы жана GetGrant билим берүү борбору жайгашкан объекттердин бастырмалары жана кирүү топтору тиешелүү уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерсиз өз алдынча курулгандыгы аныкталган. Аталган факт боюнча тиешелүү акт түзүлүп, андан соң объекттердин ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды ыктыярдуу түрдө жоюу талабы менен доомат кат жөнөтүлгөн», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, учурда Башкармалык тарабынан мыйзамсыз орнотулган конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө

«Демонтаж иштеринин жүрүшүндө «24.kg» маалымат агенттиги жайгашкан жайга алып баруучу жеңил темир тепкичтин конструкциясы жашыл бакка зыян келтиргени аныкталды. Аймак бошотулгандан кийин бул жерде жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт», — деп кошумчалашты мэриядан.

Мунун алдында «24.kg» маалымат агенттиги бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү агенттиктин кеңсесинин кире беришин демонтаждоо иштерин баштаганын билдирген.

Маалыматта, редакция иштеген кеңсе ижарага алынганын, имараттын бузулушун негиздеген эч кандай расмий документтер көрсөтүлбөгү айтылган. Ошондой эле редакция мэриянын мындай аракетин сынчыл мүнөздөгү макаларга байланыштуу деп эсептей тургандыктарын айткан болчу.

Количество просмотров: 2