• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

15-октябрдагы сууну өчүрүү башка мөөнөткө жылды

15 Тогуздун айы 20249:45 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 15-октябрына белгиленген ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Буга чейин 2024-жылдын 15-октябрында «Западный» суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда таза суу берүү токтотулары маалымдалган.

Алыкулов көч. — Кустанай көч. — БЧК — Ала-Арча д.- Рыскулов көч. (Д. Сяопин пр.) – Интергельпо – Темир жол линиясы. (Прогородное айылы) Юбилейная көч. – Горький көч. — Садовая көч. (Прогородное айылы) — БЧК, ошондой эле «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер». 110 квартал, Достук кичирайону.

Количество просмотров: 127