• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

15 жаштагы кызды ала качууга шектелип 4 киши кармалды

19 Тогуздун айы 2022 15:48 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 15 жаштагы кызды ала качууга шектелип төрт жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда саат 22:00дөр чамасында Ош шаарынын А.Масалиев менен Зайнабитдинов көчөсүнүн кесилишинде 15 жаштагы кызды ала качып жаткан жеринен “күйөө бала” болчу 27 жаштагы Р. уулу У. жана анын шериктери 37 жаштагы О.Т, 36 жаштагы С.З., 37 жаштагы М.У. аттуу жарандар кармалган.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн Кылмыш кодексинин 197-беренесинин (“Никеге туруу үчүн ала качуу”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Алардын баш коргоо чарасы эртең, 20-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралат.

Количество просмотров: 887