• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

16-январда күтүлгөн аба ырайы

15 Үчтүн айы 2022 16:34 Бишкек Govori.TV

16-январда Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 градус нольдон жогору болот.

Количество просмотров: 726