• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

16 жолу бычак жеген келиндин абалы айтылды

18 Теке 202218:15 Бишкек Govori.TV

Жолдошу 16 ирет бычактаган келиндин абалы бүгүнкү күндө туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Учурда ал Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда.

«Абалы канааттандырарлык, дарылануусун улантып жатат»,-деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, 16-июль күнү 1984-жылкы келин соода жайын жаап жаткан маалда белгисиз бирөө бычактап кеткен. Ыкчам иликтөө-тергөөнүн жүрүшүндө ага 1973-жылкы мурдагы күйөөсү кол салганы аныкталган. Милициянын маалыматына караганда, келинге 16 жолу бычак урулган. Кылмышка шектүү Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 9739