Бишкек шаарында 57 жаштагы адам аялын бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу Биринчи май РИИБи билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, баш калаадагы Чымкент көчөсүндө жашаган 59 жаштагы А.Г. аттуу тургун боорунан жараат алган. Кылмышка шектүү жабырлануучунун күйөөсү экендиги айтылат. Окуя болгон соң 57 жаштагы кылмышка шектүүнүн жүрөгү кармап ооруканага түшкөн.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары уланууда.