Баткенде эки жаш бала пикир келишпестиктен улам бирине бычак сайылган. Бул туурлуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын тургуну 2008-жылы туулган М.Ч. өзүнүн таанышы 2008-жылы туулган А.Д. менен Баткен шаарында 8-февраль күнү 00.30дар чамасында жолугуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишип түнү үйлөрүнө тарап кетишкен. Бирок экөө кайра таңкы 6лар чамасында жолугуп, пикир келишпестиктен улам А.Д. өзүнүн жанындагы ашкана бычагы менен М.Чнын көкүрөгүнүн сол жагына сайып жиберген.
Бул окуя Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып учурда тергөө иштери уланууда.
Баткен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 8-февраль күнү айыпкер А.Днын бөгөт коюу чарасы ата-энесинин көз салуусуна өткөрүп берүү жөнүндө токтому чыгып, ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда жабырлануучу Баткен областык биргелешкен ооруканасында ден соолугу жакшы, абалы туруктуу.
Кошумчалангандай, эки өспүрүм мектеп окуучулары эмес, 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып кетишкен.