Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.
Өлкө аймагында 17-июль түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-июль күнү күндүз жана 18-21-июлдарда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 17-19-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.