Муниципалитеттен билдиришкендей, 17-апрелде саат 09:00дөн 16:00гө чейин Абакан көчөсү — Дэн Сяопин проспектиси — Кустанай көчөсү — темир жол линиясы, ошондой эле Кустанай көчөсү — Волков көчөсү — Садыгалиев көчөсү — Дэн Сяопин проспектиси менен чектешкен аймакта ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Суу «Киркомстром» суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.