Эртеңден баштап абанын температурасы төмөндөсө, Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилет. Бул тууралуу Бишкек жылуулук ишканасынан билдиришкен.
«Жакынкы күндөрү күн өтө сууктаса 17-октябрда мекемелер менен биргеликте жылуулук боюнча чечим чыгарабыз. Учурда толугу менен даярбыз,- деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, келерки аптада Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлүүдө.
Маалым болгондой, абанын жылуулугу 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгон учурда жылуулук бериле баштайт.
Бишкек шаарында 2025-жылдын 3-ноябрынан тарта 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгили башталат. Муниципалитеттен билдиришкендей, ошол күнү кечинде Бишкек …
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынан шаардын тургундарынын үйлөрүнө жылуулук качан бериле турганын айтышты. Муниципалдык ишкананын башкы инженеринин …