• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

17 жаштагы кызды өлтүргөн өгөй ата колго түштү

30 Тогуздун айы 202421:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 30-октябрда Бишкектен 17 жаштагы кыз уурдалып, андан кийин ал өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.

Милицияга 1981-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал өзүнүн күйөөсү, 1972-жылы туулган Е.Б. анын кызы, 2007-жылы туулган Д.Пны BMW X5 машинеси менен уурдап кеткенин айткан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ысык-Көлдө, башка машине менен жүргөнү белгилүү болгон. Биринчи май райондук милиция кызматкерлери менен Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери биргеликте шектүү өзүн өлтүргөнү жаткан учурда колго түшүрүшкөн.

Милиция өлтүрүлгөн 17 жаштагы кыздын сөөгүн Чүй облусунан табышкан. Бул боюнча тиешелүү беренелер менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Количество просмотров: 256