• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

18:00гө карата 155 миңден ашык шайлоочу добуш берди

11 Теке 2021 19:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоодо саат 18:00гө карата 155 миң 707 киши же шайлоочулардын 22,22%ы добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.

«Бишкекте 85 миң 411 (20,02%), Ош шаарында 56 миң 610 (37,07%) жана Токмокто 13 миң 533 (35,92%) шайлоочу добуш берген. Аталган үч шаарда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 киши киргизилген. Анын ичинде Бишкекте – 426 миң 699, Ош шаарында – 152 миң 718 жана Токмокто – 38 миң 100 киши добуш берди»,-деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Количество просмотров: 75