• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

18:00гө карата референдумга 29,44 пайыз добуш берилди

11 Чын куран 2021 19:21 Бишкек Govori.TV

Саат 18:00гө карата референдумга 29,44 пайыз добуш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, референдумга 1 миллион 61 миң 591 шайлоочу добуш берди.

«Бишкек шаарында 102 миң 258, Ош шаарында 58 миң 138, Жалал-Абад облусу 218 миң 847, Ысык-Көл облусу 90 миң 611, Нарын облусу 70 миң 396, Ош облусунда 226 миң 553, Талас облусу 55 миң 226, Чүй облусу 153 миң 697, Баткен облусунда 83 миң 454, чет өлкөдө 2 миң 411 шайлоочу добуш берди», — дейт Шайлдабекова.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. Референдум өттү деп табылыш үчүн 30 пайыздан кем эмес добуш бериши керек.

Количество просмотров: 55